Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 7-декабры № 15
Ноокат шаарынын аймагындагы А.Абдуллаев атындагы орто мектебинин терезелеринин калган бөлүгүнө акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө
Ноокат шаарынын аймагындагы А.Абдуллаев атындагы орто мектебинин терезелеринин калган бөлүгүнө акча каражатын ажыратып берүү жөнүндөгү Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, финансы, экономика, соода маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасынын негизинде "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ноокат шаарынын аймагындагы А.Абдуллаев атындагы орто мектебинин терезелеринин калган бөлүгүнө 709-бөлүмдүн 3111-беренесине 288 641 сом акча каражаты Ноокат шаар мэриясынын бюджетинин 9-айынын жыйынтыгы менен ашыкча түшкөн акча каражатынын эсебинен ажыратылып берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, финансы, экономика, соода маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Гафаров |