Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 7-декабры № 16
Шаардык мэриянын үчүнчү кабатындагы мансардды бүткөрүү үчүн акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө
Шаардык мэриянын үчүнчү кабатындагы мансардды бүткөрүү үчүн акча каражатын ажыратып берүү жөнүндөгү Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, финансы, экономика, соода маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасынын негизинде "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Шаардык мэриянын үчүнчү кабатындагы мансардды бүткөрүү үчүн 701-бөлүмдүн 3111-беренесине 550 000 сом акча каражаты Ноокат шаар мэриясынын 2016-жылдын 9-айында үнөм болгон акча каражатынын эсебинен ажыратылып берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, финансы, экономика, соода маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Гафаров |