НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ноокат шаардык кеңешинин кезектеги V чакырылышынын XXXX сессиясы
2016-жылдын 7-декабры № 17
Ноокат шаарында 2017-жаны жыл майрамын салтанаттуу тосуу үчүн акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө
Ноокат шаарында 2017-жаны жыл майрамын салтанаттуу тосуу үчүн акча каражатын ажыратып берүү жөнүндөгү Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, финансы, экономика, соода маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасынын негизинде "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ноокат шаарында 2017-жаны жыл майрамын салтанаттуу тосуу үчүн 706-бөлүмдүн 2215-беренесине 100 000 (бир жүз миң) сом акча каражаты Ноокат шаар мэриясынын бюджетинин 2016-жыл ичинде ашыкча түшкөн акча каражатынын эсебинен ажыратылып берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, финансы, экономика, соода маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Гафаров |