Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ноокат шаардык кеңешинин кезектеги V чакырылышынын XXXX сессиясы
2016-жылдын 7-декабры № 18
Ноокат шаарынын аймагындагы К. Жакыпов атындагы көчөсүн ачууга макулдук берүү жөнүндө
Ноокат шаарынын аймагындагы К.Жакыпов атындагы көчөсүн ачууга жалпы жолго муктаж болгон жергиликтүү жашоочулардын арыздарын жана Ноокат шаар мэринин 2016-жылдын 28-ноябрындагы №01-15/443 катын карап, Ноокат шаарынын аймагындагы К.Жакыпов атындагы көчөсүн ачууга макулдук берүү жөнүндөгү Ноокат шаардык кеңешинин алдындагы мыйзамдуулукту сактоо, мандат, депутаттык этика, өз алдынча башкаруу, коомдук уюмдар, дин иштери жана муниципиалдык менчик,өнөр жай, курулуш, транспорт, энергетика, байланыш, экология суу менен камсыз кылуу, жылуулук берүү жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссияларынын берген тактамасынын негизинде Ноокат шаардык кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ноокат шаарынын аймагындагы К.Жакыпов атындагы көчөсүн ачууга Ноокат шаар мэриясына макулдук берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ноокат шаардык кеңешинин алдындагы мыйзамдуулукту сактоо, мандат, депутаттык этика, өз алдынча башкаруу, коомдук уюмдар, дин иштери жана муниципиалдык менчик,өнөр жай, курулуш, транспорт, энергетика, байланыш, экология суу менен камсыз кылуу, жылуулук берүү жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Төрага | А. Гафаров |