Загрузка документа…
КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 18-августу № 33
Чек арадагы такталбаган жерлердеги өздөштүрүп пайдаланып жүргөн жерлерди документтештирүүгө макулдук берүү жөнүндө
Кара-Бак айыл өкмөтү менен тажик республикасынын чек арасындагы такталбаган жерлерди айыл тургундары мурда өздөштүрүп пайдаланып жүргөн жерлерин жылма миграцияны токтотуу үчүн документтештирип берүү максатында Кара-Бак айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезексиз XXXVIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Бак айыл өкмөтү менен тажик республикасынын чек арасындагы такталбаган жерлерди мурда өздөштүрүп пайдаланып жүргөн жерлерди документтештирүүгө макулдук берилсин.
2. Тийиштүү болгон документтерин даярдоо жагы Кара-Бак айыл өкмөтүнүн башчысына тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жер маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Т.Курбанбековго милдеттендирилсин.
Төрага | А. Каламбеков |