Загрузка документа…
КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 20-сентябры № 34
Кара-Бак айыл аймагындагы пайдаланылбай жаткан жайыт эсебиндеги жерлердин багытын өзгөртүү жөнүндө
Карат-Таш жоопкерчилиги чектелген коомунун 01.09.2016-жылдагы №19 сандуу чыгыш катын негиз катары карап чыгып, Кара-Бак айыл өкмөтүнө караштуу Караташ жана Сары камыш өтөктөрүнүн айланасынан пайдаланылбай жаткан таштак жайыт жерден 50,0 га жер аянтынын багытын өнөр жай, транспорт байланыш, коргоо жана башка багытындагы жерлер категориясына которуу максатында Кара-Бак айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги XXXIX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Бак айыл өкмөтүнө караштуу Караташ жана Сары камыш өтөктөрүнүн айланасынан пайдаланылбай жаткан таштак жайыт жерден 50,0 га жер аянтынын багытын өнөр жай, транспорт байланыш, коргоо жана башка багытындагы жерлер категориясына которууга макулдук берилсин.
2. Тийиштуу болгон документтерди даярдап берүү жагы Кара-Бак айыл өкмөтүнө сунушталсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы транспорт, курулуш, өнөр жай, суу чарбасы жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Т. Курбанбековго жүктөлсүн.
Төрага | А. Каламбеков |