Загрузка документа…
КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 20-сентябры № 35
Кара-Бак айыл аймагындагы пайдаланылбай жаткан жайыт эсебиндеги жерлердин багытын өзгөртүү жөнүндө
"Темиртоо" жоопкерчилиги чектелген коомуна, Кыргыз өкмөтүнө караштуу геологиялык жана минералдык ресурстар агенттиги тарабынан Актерек участкасында Чачылма алтын кенине геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүү үчүн берилген № 4210ТР лицензиясынын талаптарына ылайык, лицензиянын координаттарында көрсөтүлгөн 26,80 га жер аянтында геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүүгө макулдук берүү максатында Кара-Бак айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги XXXIX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Бак айыл өкмөтүнө караштуу Зардалы айылынын Актерек участкасындагы 26,80 га жер аянтына Чачылма алтын кенине геологиялык чалгындоо иштерин экологиялык жана жаратылыш коопсуздугун сактоо менен жүргүзүүгө макулдук берилсин.
2. Тийиштүү болгон документтерди даярдап берүү жагы Кара-Бак айыл өкмөтүнө сунушталсын.
3. Чалгындоо иштерин жүргүзүүдө жер кыртышы бузулса, жумуштар аяктагандан кийин кайра калыбына келтирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы транспорт, курулуш, өнөр жай, суу чарбасы жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Т.Курбанбековго жүктөлсүн.
Төрага | А. Каламбеков |