Редакцияот 20.09.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

 

2016-жылдын 20-сентябры № 37

Айыл өкмөтүнүн орун басары З.Темировко ишеним көрсөтпөө жөнүндө

№ 11/2525-16 сандуу Баткен облусунун прокурору Л.Жумабаев тарабынан З.Темировко кызматтык жасалмачылык жасап, расмий иш кагаздарга жалган маалыматтарды киргизишкендиги такталып, Кыргыз Республикасынын кылмыш жаза кодексинин 315-беренесинин 1-бөлүмчөсүндө көрсөтүлгөн кылмыш белгилери аныкталгандыгын карап чыгып жана талкуулап Кара-Бак айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги XXXIX сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 51-беренесинин 5-бөлүмчөсүнө таянып Кара-Бак айылдык кеңешинин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн эки добушу менен айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары З.Темировго ишеним көрсөтүлбөгөндүгү белгиленсин.

2. Ушул токтомдун негизинде Кара-Бак айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары З.Темировду айыл өкмөтүнүн башчысы жумуштан бошогондугуна байланыштуу он күн ичинде жумуштан бошотуу жагы Баткен райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы К.Салиховго сунушталсын.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы кара-Бак айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары М. Надировага милдеттендирилсин.

 

Төрага

А. Каламбеков