Загрузка документа…
КАТТА-ТАЛДЫК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 9-марты № 20/3
Катта- Талдык айыл Өкмөтүнүн аймагындагы Ачы айылынан бөлүнүп жаңы түзүлгөн «Торгой – Булак» айылына статус берүү жөнүндө
Катта- Талдык айыл Өкмөтү Ачы айылынын «Торгой – Булак» участкасынын жашоочуларынын жалпы чогулушунун протоколу, жер жана жер реформа боюнча туруктуу комиссиясында карап кабыл алынган билдирүүнү угуп жана талкуулап Катта- Талдык айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Катта– Талдык айыл Өкмөтүнүн аймагындагы Ачы айылынан бөлүнүп жаңы түзүлгөн «Торгой- Булак» айылына айыл деген статус берилсин.
2. Ушул токтомго карата тийиштүү иш– кагаздарын даярдап камсыз кылуу жагы Катта- Талдык айыл Өкмөтүнө тапшырылсын.
3. Кабыл алынган токтомду карап берүү жагы Кара- Суу районунун жергиликтүү мамлекеттик администрациясынан суралсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы жер жана жер реформа боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Т. Омонов |