Загрузка документа…
КАТТА-ТАЛДЫК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 1-марты № 84-а
Катта- Талдык аыйл аймагында жайгашкан айылдарда таштандыларды алып чыгуу максатында Катта- Талдык айыл өкмөтүнүн алдында «Баш – Булак Тазалык» муниципалдык ишкана түзүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 15 – июль 2011 жылы «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу» мыйзамынын, 25 – сентябрь 2003 ж. «Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансы – экономикалык жөнүндөгү» мыйзамынын 23 – беренесинин, 15 – март 2002 – жылы «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндөгү» мыйзамынын 16 – беренесинин негизинде Катта – Талдык айыл аймагынын өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Катта – Талдык айыл аймагынында жайгашкан айылдарда таштанды алып чыгуу максатында Катта – Талдык айыл өкмөтүнүн алдында «Баш – Булак Тазалык» муниципалдык ишкана түзүлсүн.
2. «Баш – Булак Тазалык» муниципалдык ишканасы мамлекеттик каттоодон өткөрүү жагы Ош облустук юстиция башкармалыгынан суралсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл аймагынын өкмөтүнүн башчысынын орун басары К.Тажибаевке милдеттендирилсин.
Айыл башчы | К. Жантороев |