Загрузка документа…
КАТТА-ТАЛДЫК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Катта- Талдык айылдык кеңешинин XX сессиясынын (бешинчи чакырылышы)
2016-жылдын 9-марты № 20/6
Катта-Талдык айыл аймагынын 2015 - жылга кабыл алынган бюджетинин аткарылышы жана 2016- жылга бюджетин бекитүү жөнүндө
Катта- Талдык айыл аймагынын 2015- жылдагы кабыл алынган бюджетинин аткарылышы жана 2016- жылга бюджетин кабыл алуу боюнча айыл аймагынын финансы - экономикалык болумунун башчысы - К.Кайназарованын докладын угуп жана аны талкуулап чыгып, сүйлөшкөн депутаттардын сын пикирлерин угуп, депутаттардын Катта - Талдык айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Катта- Талдык айыл аймагынын 2015- жылга кабыл алынган бюджетин киреше бөлүгү 12390.6 миң сом жана чыгаша бөлүгү 14403.7 миң сомго аткарылышы канаттандырарлык деп табылсын.
2. Катта- Талдык айыл аймагынын 2016- жылга бюджетинин кирешелер бөлүгү 14215.5 мин сом өлчөмүндө бекитилсин.
3. Катта- Талдык айыл аймагынын бюджетинин чыгашалар бөлүгү 14215.5миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
4. Айыл аймагынын 2016 - жылга штаты жалпы 28 штаттык бирдик менен бекитилсин, анын ичинен 8 айыл башчы, ВУС - 3 штаттык бирдик , ветеринардык врач (контракт менен) 1 штат„кенже тейлоодогу кызматкер 1 штат,техникалык тейлөөдөгү кызматкер 1 штат.
5. Айыл башчылардын эмгек акысы айыл өкмөтүнүн жетектөөчү адисинин деңгээлиндеги эмгек акысы жана ветеринардык врачтын (контракт менен) эмгек акысы адистин денгээлиндеги эмгек акысы менен бекитилсин.
6. 2016-жыл 1-январга карата калган калдык 2303.8 миң сом өлчөмүндө жана атайын каражаттар боюнча калдык 2,4 миң сом өлчөмүндө кирешелер жана чыгашалар бөлүгүнө бекитилсин.
7. Катта-Талдык айыл аймагынын 2016-жылга атайын каражат боюнча 2379.0 миң сом өлчөмүндө киреше жана чыгаша бөлүгү бекитилсин.
8. Айыл аймагынын бюджетинин кирешелер жана чыгашалар бөлүгүнүн аткарылышын көзөмөлдөп, аны статьялар боюнча мыйзам чегинде сарпталуусун камсыздоо жагы айыл аймагынын башчысына жүктөлсүн жана 2016 - жылга карата Катта- Талдык айыл аймагынын бюджетинин кирешелер жана чыгашалар бөлүктөрүнүн статьялар боюнча өзгөртүүлөргө жана толуктоолорго уруксат берилсин.
9. Катта-Талдык айыл аймагынын болжолдуу бюджетинини киреше жана чыгаша бөлүктөрү 2017- жылга 16602,8мин сомго жана 2018-жылга 16975,3 миң сомго жактырылсын.
10. Катта-Талдык айыл аймагынын 2016-жылга резервдик фонду 140.0 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
11. 2016- жылга карата Катта- Талдык айыл аймагынын бюджетинин кирешелер жана чыгашалар бөлүгүн мыйзам чегинде сарпталуусун көзөмөлдөө жагы депутаттардын Катта- Талдык айылдык Кеңешинин финансы жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Т. Омонов |