Загрузка документа…
КАТТА-ТАЛДЫК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 9-марты № 20/7
Айыл аймактын Кичик, Ачы, Баш-Булак айылындагы жеке менчик үй куруучуларга берилүүчү жерлердин трансформациясын бир контурдан башка контурга которуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005 жылдын 6- декабрындагы № 557 Токтомуна ылайык Кичик, Баш-Булак айылдарында трансформация болгон 17,70га жер аянтын которуу жөнүндө Катта-Талдык айылдык кеңеши угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жеке менчик үй куруучулардын муктаждыгын чечүү үчүн Баш-Булак айылындагы N2296, 297 контурлардагы 9,0 га жер аянтын, Кичик айылындагы №362, 368 контурлардагы 8,70 га жер аянтын Ачы айылынын Торгой-Булак участкасындагы №81 контуруна 11,70 га жер аянтына, Баш-Булак айылынын Достук участкасындагы N2 1125 контуруна 4,0 га жер аянтына жана Кызыл- Ордо айылынын №567 контуруна 2,0 га жер аянтына, жалпысы болуп 17,70 га жер аянтына которулсун.
2. Токтомду аткарууга тиешелуу иш кагаздары даярдоо Катта-Талдык айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы атайын туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Т. Омонов |