Загрузка документа…
КАТТА-ТАЛДЫК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Катта- Талдык айылдык кеңешинин XX сессиясынын (бешинчи чакырылышы)
2016-жылдын 9-марты № 20/11
Айыл аймактын Кызыл- Ордо айылынын тургундарынын жеке үй куруу муктаждыктарын чечүү максатында Кызыл- Ордо айылынын 1974 жылы жасалган башкы планына өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Катта- Талдык айыл аймагындагы Кызыл- Ордо айылынын 1974 - жылы жасалган башкы пландагы көрсөтүлгөн айрым объектилер айылдын башка жерлерине курулгандыгын бүгүнкү күндө ал объектилер иштеп жаткандыгын эсек алып, айыл тургундарынын арызын канаттандыруу максатында Катта – Талдык айылдык кеңеши угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл – Ордо айылынын 1974– жылы жасалган башкы планындагы спорт аянтчасы, жайкы театр котельныйларга ажыратылган аянтка жеке үй куруучуларга турак жай салуу үчүн ажыратылып берилсин.
2. Токтомду аткарууга тиешелүү иш кагаздары даярдоо Катта-Талдык айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы атайын туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Т. Омонов |