Загрузка документа…
БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 10-ноябры № 66
Баткен шаардык кеңешине «Замандаш-Современник» фракциясынан депутат К.Т.Султанмуратовдун мандатын токтотуу жөнүндөгү арызына макулдук берүүгө жана шаардык кеңештин «Замандаш-Современник» партиясынын депутаттарынын катарын толуктоого макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары» жөнүндө 2015-жылдын 15-июлдагы №101 Мыйзамынын 24-беренесинин 2-пункутунун 2;3-пункутчаларына жана 2000-жылдын 13-январындагы №3 «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу» жөнүндө Мыйзамынын 1-беренесинин 2-пункутуна ылайык Баткен шаардык кеңешинин «Замандаш-Современник» фракциясынан депутат Султанмуратов Каныбек Толубаевичтин муниципалдык кызматка өткөндүгүнө байланытуу, депутаттык мандатына туура келбегендиктен жазган арызына ылайык жана «Замандаш-Современнник» фракциясынын катарын толуктоо максатында Баткен шаардык Кеңешинин V чакырылышынын кезектеги ХХIV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Баткен шаардык кеңешине «Замандаш-Современник» фракциясынан депутат Султанмуратов Каныбек Толубаевичтин жазган арызына ылайык депутаттык мандаты токтотулгандыгы КР Борбордук шайлоо комиссиясына маалымдалсын.
2. Баткен шаардык кеңешинин депутаттыгына «Замандаш-Современник» партиясынан кезекте турган Тащкожоева Тоту Каримовна чакыртылсын.
3. Ушул токтомду бекитип берүү жагы КР Борбордук шайлоо комиссиясынан суралсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин төрагасынын орун басары М.Орозбаевге тапшырылсын.
Төрага | Э. Рахматов |