Загрузка документа…
БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 10-ноябры № 68
Баткен шаардык биргелешкен Аскер комиссариаты тарабынан жашы жеткен өспүрүмдөрдүн аскер кызматына тартылышы жана мектеп окуучулары менен иш алып баруусу жөнүндө
Баткен шаардык биргелешкен аскер комиссариаты тарабынан Баткен шаарынан жылына 430 окуучу алгачкы аскердик каттоого коюлат. Жарандарды алгачкы аскердик каттоого коюуда жана чакырылуучуларды аскердик жана альтернативдик кызматка чакыруу учурунда бир топ койгойлүү маселелер аныкталган. Баткен шаарынын аймагында аскерге каттоо инспектору жок болгондугуна байланыштуу, Баткен шаарынан чакырылуучуларды алгачкы аскердик каттоого коюууда, аскердик жана альтернативдик кызматка чакырууда кыйынчылыктар болууда. Аскер комиссаритында чакыруу пункутунун жоктугуна байланыштуу аскер комиссаритынын 2-бөлүмчөсүнүн кызматкерлери чакыруучуларды үй-бүлөөлүк дарыгерлер борборуна алып барып өткөрүшөт. Ал жерде дарыгер адистер келүүчүлөр менен чакыруучуларды аралаш карагандыгына байланыштуу чакырылуучулардын ден соолугу так жана сапаттуу текшерилбей келе жатат. Ошого байланыштуу Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүн жаңы толуктоодо Баткен бириккен шаардык аскер комиссариаты ар түрдүү кыйнчылыктарга дуушар болууда. Жылына Баткен бириккен шаардык аскер комиссариаты тарабынан аскердик кызматка 110 бала жөнөтүлүп, альтернативдик кызматка 120 чакырылуучу чакырылат.
Аскер комиссариатынын техникалык базасына токтоло турган болсок, кышка даярдык талапка ылайыктуу эмес.Жылыткыч системасы жок. 2016-2017-жылдарга көмүр менен камсыздоо пландалган, бирок даярдык көрүлө элек. Аскер комиссариатынын иш кабинеттериндеги компьютерлер мөөнөтү өтүп жараксыз абалга жетип калган.Ичүүчү таза суунун түтүкчөсү да оң абалда эмес.
Жогорудагылардын негизинде Баткен шаардык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги ХХIV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Баткен шаардык биргелешкен Аскер комиссариатынын шаар аймагындагы аскер кызматына чакырылуучуларды аскерге чакырууда жүргүзүп жаткан иштери көнүлгө алынсын.
2. Шаар аймагында Аскер кызматына жашы жеткен өспүрүмдөрдү аскерге чакырууда пландалган жазгы, күзгү чакыруулар талапка ылайык кынтыксыз жүргүзүлүү жагы практикалансын.
3. Баткен шаардык биргелешкен Аскер комиссарынын техникалык базасын чыңдоо Кыргыз Республикасынын номативдик актыларына ылайык жүргүзүлсүн.
4. Жаңыдан аскерге чакырылуучуларды атайын кароодон өткөрүү үчүн ыңгайлуу шарт түзүүдө, талапка ылайык көмөк көрсөтүү жагы шаар мэриясына эскертилсин.
5. Баткен шаардык биргелешкен Аскер комиссариаты мурдагы колдонуп келген эски имаратты, шаардык мэриянын алдындагы муниципалдык менчик департаментине өкөрүп берүү жагы эскертилсин.
6. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин жаштар, спорт, туризм, медициа, маданият жана социалдык өнүгүү маселелери боюнча турктуу комиссиясына М. Мергенов тапшырылсын.
Төрага | Э. Рахматов |