Загрузка документа…
БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 10-ноябры № 69
Баткен шаарынын жергиликтүү бюджетинин 9 айлыгынын жыйынтыгы жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 15-июлдагы “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары” жөнүндө №101 Мыйзамынын 31-беренесинин 2;4-пункуттарына ылайык жана Баткен шаардык кеңешинин 2016-жылдын 25-октябрындагы Баткен шаардык финансы жана экономика маселелри боюнча туруктуу комиссиясынын отурумунун протоколунун негизинде Баткен шаардык каржы бөлүмүнүн башчысы З.Камчыевдин Баткен шаардык жергиликтүү бюджетинин 9 айлыгынын аткарылышы боюнча докладын угуп талкуулап чыгып Баткен шаардык Кеңешинин V чакырылышынын кезектеги ХХIV сессиясы Токтом кылат:
1. Баткен шаардык жергиликтүү бюджетинин 2016-жылдын 9 айлыгынын 48334,6 мин сомго пландалып, 50802,7 мин сомго аткарылгандыгы белгиленсин.
2. Баткен “Таза-Суу” муниципалдык ишканасынын электр энергиясы үчүн, Баткен электр тармактар ишканасынан мурдагы калган 100,0 мин сом карызын жоюуу үчүн иш алып баруу жагы шаар мэриясына тапшырылсын.
3. Баткен шаар мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментинин 3111-статьясы «Имараттар жана курулмалар» 4-кварталы 400,0 мин сомго кыскартылып, 3-кварталынын 2214 «Транспорттук чыгымдар» статьясы 400,0 мин сомго;
- шаар мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментинин 3111 «Имараттар жана курулмалар» статьясынын 1000,0 мин сомго 4-кварталы кыскартылып, 3111 «Имараттар жана курулмалар» статьясынын 3-кварталынын планы 1000,0 мин сомго көбөйтүлүп берилсин.
4. Баткен шаардык билим берүү бөлүмүнүн 2218 «Тамак-аш» статьясынын 3-кварталынын планы 1000,0 мин сомго кыскартылып, 4-кварталынын 2218 «Тамак аш» статьясынын планы 1000,0 мин сомго көбөйтүлүп берилсин.
-Шаардык билим берүү бөлүмүнө караштуу мекемелердин электр энергиясына 2016-жылдын II жарым жылдыгы үчүн каралган 417000 сом, шаардык билим берүү бөлүмүнүн төмөнкү статьяларына чегерилүүгө макулдук берилсин:
-2211 “Кызматтык кыдырууларга чыгашалар” статьясына 67000 сом;
-2222 “Ар кандай чарбалык буюмдар” статьясына 170000 сом:
-2214 “Транспорттук чыгымдар” статьясына 30000 сом;
-3112 “Ар кандай жабдууларды алуу” статьясына 150000 сом
5. Баткен шаардык дене тарбия жана спорт бөлүмүнүн 2016-жылга каралган 2215 «Ар түрдүү чыгымдар» статьясынан 60,0 мин сом кыскартылып, Баткен шаар мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментинин 2016-жылга каралган 3111 «Имараттар жана курулмалар» статьясы 60.0 мин сомго көбөйүлүп берилсин.
6. Баткен шаар мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментинин 2016-жылдын планына бекитилген 3111 “Имараттар жана курулмалар” статьясынын 4-кварталынан 390964 сом кыскартылып, муниципалдык менчик департаментинин төмөнкү статьяларына кошулуп берилсин:
- 2111 “Эмгек акы” статьясына 235620 сом;
-2121 “Социалдык фондко төлөмдөр” статьясына 40644 сом;
-2212 “Байланыш кызматын көрсөтүү” статьясына 12000 сом;
-2222 “Предметтерди жана товарларды сатып алуу” статьясына 37700 сом;
-2215 “Дагын башка кызмат көрсөтүүнү алуу” статьясына 65000 сом.
7. Шаар мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментинин 2016-жыл үчүн бекитилген планынан 4-кварталынан “Имараттар жана курулмалар” статьясынан 50000 сом кыскартылып, Баткен шаар мэриясынын 2016-жылга сметасына 2215 “Ар түрдүү кызмат көрсөтүү” статьясына 50000 сом кошулуп берилсин.
8. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин финансы жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына М.Бурканов жүктөлсүн.
Төрага | Э. Рахматов |