Загрузка документа…
БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 10-ноябры № 70
“Баткен шаарында жер пайдалануу жана курулуштарды куруу укугуна” толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Баткен шаардык Кеңешинин 3-чакырылышынын 2006-жылдын 29-мартындагы №13 токтому, Эл Аралык ЮСАИД уюмунун “Кыргыз Республикасында жер реформасы” долбоорунун колдоосу менен бекитилген “Баткен шаарында жер пайдалануу жана курулуштарды куруу укугу” (“Правила застройки и землепользования города Баткен”) китебинин 1.7-главасынын 22-статьясынын 1-пункутуна ылайык жана Баткен шаардык Кеңешинин курулуш куруу жана коммуникация маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2016-жылдын 3-ноябрдагы отурумунун протоколунун, Баткен шаар мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментинин сунуш катынын негизинде Баткен шаардык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги ХХIV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Баткен шаарында жер пайдалануу жана курулуштарды куруу укугунун 2-бөлүмүнүн 25-беренесинин 1-пунукутуна, 26-берененин 2-пунукутуна өзгөртүүлөр төмөнкүдөй тартипте киргизилсин:
2. Баткен шаарынын Т.Садыков көчөсүндөгү КР Баткен областык ыйгарым укуктуу өкүчүлүгүнүн түштүк тарабындагы “Жеңиш” паркынын күн чыгыш жагынан 0,088 м2
Р-1”зона городских парков” категориясындагы жер аянты Ц-2 (зона центров обслуживания и коммерческий активности местного значения) категориясына которууга макулдук берилсин.
3. Баткен шаарынын борбордук стадионунун негизги кирип чыгуу дарбазасынын түндүк тарабындагы (белгиленген картага ылайык) 1600 м2 Ц-1 (зона общественной, деловой и коммерческий активности) категориясынан С-1 (зона обьектов здравохранения, образования, науки, культура и спорт с болшими участками) категориясына өзгөртүлүүгө макулдук берилсин.
4. Баткен шаарынын Султанмурат Минбашы көчөсүндөгү котельныйдын короосундагы 20 м2 өлчөмүндөгү Ж-2 (зона жилой застройки смешанной этажности) категориясындагы жер аянты, С-1 (обьекты здравоохранения образования науки, культуры и спорта) категориясына өткөрүүгө;
-Баткен шаарынын М.Салихов көчөсүндө жайгашкан В.И.Ленин атындагы орто мектептин короосундагы 20 м2 өлчөмүндөгү Ж-2 (зона жилой застройки смешанной этажности) категориясынан С-1 (обьекты здравоохранения образования, науки, культуры и спорта) категориясына өткөрүүгү макулдук берилсин.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Баткен шаардык Кеңешинин курулуш, өнөр жай , коммуникация жана транспорт маселелери боюнча туруктуу комиссиясына М.Добутов тапшырылсын.
Төрага | Э. Рахматов |