Загрузка документа…
БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 10-ноябры № 71
Баткен шаарынын Т.Садыков көчөсүндөгү КР Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн түштүк тарабындагы «Жеңиш» паркына коомдук ажаткана курууга макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 15-июлдагы «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары» жөнүндө №101 Мыйзамынын 31-беренесинин 2; 5-пункуттарына жана Баткен шаар мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментинин 2016-жылдын 25-октябрындагы №01-22/557 каты менен шаардын Т.Садыков көчөсүндөгү КР Баткен облусунун ыйгарым укуктуу өклчүлүгүнүн түштүк тарабындагы «Жеңиш» паркына коомдук ажаткана куруу жөнүндөгү катына ылайык Баткен шаардык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги ХХIV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Баткен шаарынын Т.Садыков көчөсүндөгү КР Баткен областындагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн түштүк тарабындагы “Жеңиш” паркына 88 м2 өлчөмүндөгү жер аянтына коомдук ажаткана курууга макулдук берилсин.
2. Жаңы ажаткана ишке киргенден кийин мурдакы эскирген ажаткананын орду “Жеңиш” паркынын эсебине киргизүү менен калыбына келтирүү жагы шаар мэриясына тапшырылсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин курулуш куруу, коммуникация жана транспорт маселелери боюнча туруктуу комиссиясына М.Добутов тапшырылсын.
Төрага | Э. Рахматов |