Загрузка документа…
БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 10-ноябры № 72
Баткен шаарынын Айгүл-Таш подстанциясынын жанындагы социалдык объектиге калтырылган жер аянтын мончо үчүн аукцион аркылуу сатууга макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 15-июлдагы «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары» жөнүндө №101 Мыйзамынын 31-беренесинин 2; 5-пункуттарына жана Баткен шаар мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментинин 2016-жылдын 25-октябрындагы №01-22/557 каты, Баткен шаар мэриясынын алдындагы жер пайдалануу жана курулуш куруу комиссиясынын 2016-жылдын 17-августундагы №7 протоколунун негизинде Баткен шаарынын Айгүл-Таш подстанциясынын жанындагы социалдык обьектиге калтырылган жер аянтынан 1200м2 (башкы планга ылайык мончого калтырылган) жерди аукцион аркылуу сатууга макулдук берүү максатында Баткен шаардык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги ХХIV
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Баткен шаарынын Айгүл-Таш подстанциясынын жанындагы социалдык обьектиде мончо үчүн калтырылган 1200м2 жер аянты аукцион аркылуу мончого сатылууга макулдук берилсин.
2.Мончого калтырылган жер аянтын аукцион аркылуу сатуу жагы мыйзам ченеминде жүргүзүлүү жагы Баткен шаар мэриясына Г.Матказыев тапшырылсын.
3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин курулуш куруу, коммуникация жана транспорт маселелери боюнча туруктуу комиссиясына М.Добутов тапшырылсын.
Төрага | Э. Рахматов |