Загрузка документа…
БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 10-ноябры № 73
Баткен шаарынын Түлкү-Таш массивиндеги П-2 өндүрүш багытындагы 2 га өлчөмүндөгү жер аянтын аукцион аркылуу түз сатуу жолу менен сатууга макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары” жөнүндө 2015-жылдын 15-июлдагы №101 Мыйзамынын 31-беренесинин 5-пункутуна жана Баткен шаар мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментинин 2016-жылдын 25-октябрындагы №01-22/557 каты, Баткен шаар мэриясынын алдындагы жер пайдалануу жана курулуш куруу комиссиясынын 2016-жылдын 29-майдагы №1 ЛОТун протоколунун негизинде, 2 га жер аянтын түз сатуу жолу аукцион аркылуу сатууга макулдук берүү максатында Баткен шаардык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги ХХIV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Баткен шаарынын Түлкү-Таш массивиндеги 2 га жер аянты түз сатуу жолу менен акуцион аркылуу макулдук берилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Баткен шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары М.Орозбаевге тапшырылсын.
Төрага | Э. Рахматов |