Загрузка документа…
БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 10-ноябры № 74
Баткен шаарынын борбордук стадионуна 1600 м2 жер аянтына кичи футбол аянтчасын курууга макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары” жөнүндө 2015-жылдын 15-июлдагы №101 Мыйзамынын 31-беренесинин 5-пункутуна жана Баткен шаар мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментинин 2016-жылдын 25-октябрындагы №01-22/557 каты, Кыргыз Республикасынын футбол федерациясынын 2016-жылдын 25-майындагы №403 генералдык секретары Д.Конокбаевдин катынын негизинде Баткен шаарынын борбордук стадионунан 1600 м2 жер аянтын кичи футбол аянтчасын курууга макулдук берүү максатында Баткен шаардык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги ХХIV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Баткен шаарынын борбордук стадионунан 1600 м2 жер аянтына кичи футбол аянтчасын курууга макулдук берилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Баткен шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары М.Орозбаевге тапшырылсын.
Төрага | Э. Рахматов |