Загрузка документа…
БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 10-ноябры № 75
Баткен шаарынын Түлкү-Таш массивиндеги социалдык обьектиге калтырылган 2 га жер аянтын Билим берүү тармагына аукцион аркылуу сатылууга макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары” жөнүндө 2015-жылдын 15-июлдагы №101 Мыйзамынын 31-беренесинин 5-пункутуна жана Баткен шаар мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментинин 2016-жылдын 25-октябрындагы №01-22/557 каты, Баткен шаардык Кеңешинин курулуш куруу, коммуникация жана транспорт маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын протоколунун негизинде Баткен шаарынын Түлкү-Таш массивиндеги 2 га өлчөмүндөгү жер аянтын билим берүү тармагына аукцион аркылуу сатылууга макулдук берүү максатында Баткен шаардык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги ХХIV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Баткен шаарынын Түлкү-Таш массивиндеги социалдык обьектиге калтырылган 2 га өлчөмүндөгү жер аянтын Билим берүү тармагына аукцион аркылуу сатылууга макулдук берилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин төрагасынын орун басары М.Орозбаевге тапшырылсын.
Төрага | Э. Рахматов |