Редакцияот 10.11.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Баткен шаардык Кеңешинин V чакырылышынын кезектеги ХХIV сессиясы

 

2016-жылдын 10-ноябры № 77

Баткен шаарынын аймагынан Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине инертүү материалдарды иштетүүгө жер янтын убактылуу пайдаланууга бөлүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары” жөнүндө 2015-жылдын 15-июлдагы №101 Мыйзамынын 31-беренесинин 5-пункутуна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 21-майындагы “Кыргыз Республикасынд автомобиль жолдорун куруу, реаблитациялоо жана реконструкциялонун инвестициялык долбоорун ишке ашыруу жөндөгү” №374 сандуу токтомунун, жол жана көпүрөө куруу боюнча “Синцизянь-Бейсин Лимитед” Кытайлык Коорпорациясынын 2016-жылдын 13-июлундагы катынын, Кыргыз Республикасынын Трнспорт жана коммуникциялр министрлиги тарабынан 2016-жылдын 24-мартында Өсөров Аззамжан Кадыровичке берилген №14-9/2294 сандуу ишеним катынын негизинде жана “Ош-Баткен-Исфана автожолун реаблитациялоо” долбоорун натыйжалуу ишке ашыруу максатындагы Баткен шаар мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментинин2016-жылдын 25-октябрындагы №01-22/557 катынын негизинде Баткен шаардык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги ХХIV сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана Коммуникация министрлигине- генералдык буюртмачыга жана анын Ош-Баткен-Исфана стратегиялык автожолун курулушундагы иштеп жаткан “Синьцзян-Бейсин ЛТД” Кытай жол куруу ишканасына Баткен шаарынын Кызыл-Жол кварталынын түштүк-күн батыш тарабындагы айыл чарба багытындагы “Жайыт” түрүндөгү 3 га жер аянты, инертүү мтериалдарды иштетүү үчүн убактылуу пайдаланууга- 2018-жылдын декабрь айына чейин мөөнөткө бөлүп берүүгө макулдук берилсин.

2. Убактылуу пайдаланууга берилүүчү жалпы аянты 3га жер тикесин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык рекультивациялануусун убактылуу пайдалануучуларга эскертүү менен өткөрүп берип кайра өткөрүп алуу жагы шаар мэриясына тапшырылсын.

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин курулуш куруу, коммуникация жана транспорт маселелери боюнча туруктуу комиссиясына М.Добутов тапшырылсын. 

 

Төрага

Э. Рахматов