Загрузка документа…
БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 10-ноябры № 78
АРИС уюмунун долбоору тарабынан Баткен шаардык жайыт комитетине атайын техника алуу үчүн өздүк салым кошууга макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары» жөнүндөгү 2015-жылдын 15-июлдагы №101 Мыйзамынын 31-беренесинин 2;3-пункуттарына ылайык жана Баткен шаар мэриясынын 2016-жылдын 1-ноябрдагы №03-4/1558 кызматтык катынын негизинде Баткен шаардык Кеңешинин V чакырылышынын кезектеги ХХIV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. АРИС уюмунун долбоору тарабынан Баткен шаардык жайыт комитетине атайын техника алуу үчүн, жергиликтүү бюджеттин эсебинен 685000 (алты жүз сексен беш миң) сом өздүк салым кошууга макулдук берилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин төрагасынын орун басары М.Орозбаевге тапшырылсын.
Төрага | Э. Рахматов |