Загрузка документа…
БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 10-ноябры № 79
Баткен шаардык жергиликтүү бюджетинин 2016-жылга киреше жана чыгаша бөлүгүнө кошумча каражат бөлүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 15-июлдагы “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары” жөнүндө №101 Мыйзамынын 31-беренесинин 2;4-пункуттарына ылайык жана Баткен шаардык кеңешинин 2016-жылдын 25-октябрындагы Баткен шаардык финансы жана экономика маселелри боюнча туруктуу комиссиясынын отурумунун протоколунун негизинде жана Баткен шаардык каржы бөлүмүнүн башчысы З.Камчыевдин Баткен шаардык жергиликтүү бюджетинин 9 айлыгынын аткарылышы боюнча докладын угуп талкуулап чыгып Баткен шаардык Кеңешинин V чакырылышынын кезектеги ХХIV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Баткен шаардык жергиликтүү бюджетинин 2016-жылдын 9 айлыгынын 48334600 сомго пландалып, 50802700 сомго аткарылгандыгы белгиленсин.
2. Баткен шаардык салык кызматына, жергиликтүү бюджетке 2016-жыл ичинде баары болуп кошумча 4410,0 мин сом, анын ичинен:
- атуулдардан алынуучу подоход салыгы 2000000сом;
- милдеттүү патент салыгы 60000 сом;
- ыктыярдуу патент салыгы 2000000 сом;
- транспорт салыгы 100000 сом;
- айыл чарбасына жарактуу жер салыгы 50000 сом;
- айыл чарбасына жараксыз жерлердин салыгы 200000 сом салык жыйымын жыйноо жагы милдеттендирилсин.
3. Баткен шаар мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментинин 2016-жылга каралган сметасына кошумча баары болуп 4410,0 мин сом, анын ичинен:
- 2215 “Ар түрдүү кызмат көрсөтүү” статьясына 1138150 сом ,
- 3111 “Имараттар жана курулмалар” статьясына 1545037 сом,
- 3112 “Эмеректерди сатып алуу” статьясына 1251039 сом,
- 2222 “Чарбалык буюмдарды сатып алуу” статьясына 175774 сом бөлүнүп берисин.
- 2221 “Кезектеги оңдоп түзөө иштери» статьясына 300000 сом бөлүнүп берилсин.
4. Токтомдо көрсөтүлгөн салыктардын планын көбөйтүп берүү жагы Кыргыз Республикасынын Каржы министрлигинен суралсын.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин финансы жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Э. Рахматов |