Загрузка документа…
БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 10-ноябры № 81
Баткен шаар мэриясынын алдындагы жеке турак жай комиссиясынын курамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 6-майындагы №177 токтомуна ылайык жана Баткен шаардык кеңешинин 2016-жылдын 22-июндагы 5-чакырылышынын кезектеги 22-сессиясынын № 42 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү максатындагы Баткен шаар мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментинин 2016-жылдын 9-ноябрдагы катынын негизинде Баткен шаардык Кеңешинин V чакырылышынын кезектеги ХХIV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Баткен шаар мэриясынын алдындагы жеке турак жай комиссиясынын курамын бекиткен Баткен шаардык кеңешинин 2016-жылдын 22-июнундагы 5-чакырылыштын кезектеги 22-сессиясынын №42 токтомуна өзгөртүү киргизилсин.
2. Баткен шаар мэриясынын алдындагы жеке турак жай комиссиясы төмөнкү курамда бекитилсин:
1. Султанов М.М Баткен шаарынын 1-вице мэри, комиссиянын тең төрагасы
2. Орозбаев М.Т Баткен шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары тең төрага
Мүчөлөрү:
3. Аззамов Н шаар мэриясынын өнөр жай, курулуш, айыл чарба секторунун башчысы
4. Эргешов К областтык архитектура жана курулуш, шаар куруу башкармасынын башчысы
5. Акматов А ММД башчысы
6. Имаров А Баткен райондук жерге жайгаштыруу жана мам.каттоо
башкармасынын башчысынын орун басары
7. Добутов М Баткен шаардык кеңешинин депутаты
8. Максытов К Келечек кварталынын башчысы
9. Сейдалиева Т Базар-Башы АТОсунун башчысы
10. Курбанбеков М Кызыл-Дөң АТОсунун башчысы
11. Асанов С Кызыл-Жол АТОсунун башчысы
12. Турдубаев А Булак-Башы АТОсунун башчысы
13. Эргешова Г муниципалдык менчик департаментинин жетектөөчү адиси
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Баткен шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары М.Орозбаевге тапшырылсын
Төрага | Э. Рахматов |