Загрузка документа…
БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 10-ноябры № 83
Баткен шаардык жергиликтүү бюджеттинин 2014-2015 жылдар аралыгында аткарлышы боюнча Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатсынын Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен областтары боюнча аймактык бөлүнүшүнүн жүргүзгөн аудиттин жыйынтыгы жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары» жөнүндө №101 Мыйзамынын 31-беренесинин 2-пункутуна жана Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен областтары боюнча аймактык бөлүнүшүнүн Баткен шаарынын жергиликтүү бюджеттинин 2014-жылдын 1-январынан, 2015-жылдын 31-декабрына чейин жүргүзгөн аудиттин жыйынтыгын маалымдаган 2016-жылдын 16-сентябрыдагы №01-12/685 катыны жана Баткен шаардык каржы бөлүмүмнүн башчысы З.Камчыевдин билдирүүсүн угуп талкуулап чыгып Баткен шаардык Кеңешинин V чакырылышынын кезектеги ХХIV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Баткен шаардык кеңешинин 2014-жылдын 1-январынан 2015-жылдын 31-декабрына чейин жүргүзөн аудиттин жыйынтыгы менен комондировкалык чыгымдар статьясынан (Талас, Ош, Чолпон-Ата шаарларына) шаардык кеңештин депутаттары багытсыз 245,5 мин сом пайлаланылгандыгы аныкталган, мындан ары мындай катачылыкка жол берилбестиги эскертилсин.
2. Жалпы ушул аудитин жыйынтыгында текшерүүдөн өткөн шаардык мекеме ишканаларда кетирилген кемчиликтерди оңдоп түзөө жана кемчиликтерди болтурбоону көзөмөлдөө жагы Баткен шаар мэриясына тапшырылсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык Кеңештин төрагасынын орун басары М.Орозбаевге тапшырылсын.
Төрага | Э. Рахматов |