Редакцияот 10.11.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Баткен шаардык Кеңешинин V чакырылышынын кезектеги ХХIV сессиясы

 

2016-жылдын 10-ноябры № 86

Баткен шаарынын Аэропорт кварталынын С.Сыдыков көчөсүнүн күн батыш тарабындагы балдар бакчасы үчүн калтырылган жер аянтын аукцион аркылуу балдар бакчасына сатууга макулдук берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 31-беренесинин 5-пункутуна ылайык жана Баткен шаар мэриясынын 2016-жылдын 9-ноябрындагы №03-4/1593 катына ылайык Баткен шаардык Кеңешинин V чакырылышынын кезектеги ХХIV сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Баткен шаарынын Аэропорт каврталынын С.Сыдыков көчөсүнүн күн батыш тарабындагы балдар бакчасы үчүн калтырылган 0,40 га өлчөмүндөгү жер аянты, жеке менчик балдар бакчасы үчүн аукцион аркылуу сатылууга макулдук берилсин.

2. Ушул токтомдун аткарылышн көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин төрагасынын орун басары М.Орозбаевге тапшырылсын.

 

Төрага

Э. Рахматов