Загрузка документа…
АК-МУЗ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 15-августу № 42/2
Ак-Муз өнүгүү муниципалдык ишканасына жер аянтын бекитип берүү жөнүндө
Ак-Муз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы А. Өмүралиевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ак-Муз айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Муз айылдык Кеңешинин 29.08.2014-жылдагы № 21/3 сандуу токтому күчүн жоготсун.
2. Ак-Муз айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигиндеги эски гараждын ордундагы жалпы 22230 чарчы жер аянтынын 17676 чарчы метр жер аянты айыл тургундарына турак жай салуу үчүн берилип, калган 4554 чарчы метр жер аянты Ак-Муз өнүгүү муниципалдык ишканасына бекитилип берилсин.
3. Жер аянтынын укуктук документтер менен камсыз кылуу жагы Ат-Башы райондук архитектура башкармалыгынан жана Ат-Башы райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынан суралсын.
4. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, www. ak-muz. kg веб- сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Муз айыл өкмөтүнүн башчысы А. Капатовго тапшырылсын.
Төрага | Б. Абдыбеков |