Загрузка документа…
АК-МУЗ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 1815-августу № 42/3
Ак-Муз айыл өкмөтүнүн бюджетиндеги ар кандай чыгымдарга бөлүнгөн 282 200 акча каражаты жөнүндө
Ак-Муз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы А. Өмүралиевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ак-Муз айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Муз айыл өкмөтүнүн бюджетиндеги ар кандай чыгымдарга бөлүнгөн 282 200 сом акча каражатынан төмөндөгү муктаждыктарга бөлүнүп берилсин:
- Жайыт комитетине өздүк салым үчүн 50 000 сом;
- Ак-Муз өнүгүү муниципалдык ишканасы үчүн архитектурага 4000 сом;
- Айыл өкмөтүнө кассалык аппарат алуу үчүн 10000 сом;
2. Бөлүнгөн акча каражаты атайын түзүлгөн смета расходко ылайык жүргүзүүнү көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысына милдеттендирилсин.
3. Каражаттын өз убагында көрсөтүлгөн багытка которуу боюнча кыймылдарды жүргүзүп берүү жагы Ат-Башы райондук казына бөлүмүнөн суралсын.
4. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, www. ak-muz. kg веб- сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Муз айыл өкмөтүнүн башчысы А. Капатовго тапшырылсын.
Төрага | Б. Абдыбеков |