Загрузка документа…
АК-МУЗ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 15-августу № 42/4
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик каттоо кызматынын Калкты жана Жарандардын абалдык актыларын каттоо департаменти менен Ак-Муз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн түзүлгөн келишимин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 17-март 2014-жылдагы № 145 жана 19-декабрь 2014-жылдагы № 175 жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарына ыйгарым укуктарын өткөрүп берүүнүн тартиби жөнүндөгү токтомунун негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик каттоо кызматынын калкты жана Жарандардын абалдык актыларын каттоо департаменти менен Ак-Муз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн түзүлгөн келишимин бекитүү максатында, Ак-Муз айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик каттоо кызматынын калкты жана Жарандардын абалдык актыларын каттоо департаменти менен Ак-Муз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн түзүлгөн келишими бекитилсин.
2. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, www. ak-muz. kg веб- сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Муз айыл өкмөтүнүн башчысы А. Капатовго тапшырылсын.
Төрага | Б. Абдыбеков |