Загрузка документа…
АК-МУЗ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 22-сентябры № 43/1
Ак-Муз айыл өкмөтүнүн бюджетине кошумча жер кыртышын пайдалануудан түшкөн 414 800 сом жана токой байлыктарын пайдалануудан түшкөн 107 500 сом жалпы 522 300 сом акча каражаттарын бөлүү жөнүндө
Ак-Муз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы А. Өмүралиевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ак-Муз айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Муз айыл өкмөтүнүн бюджетине кошумча жер кыртышын пайдалануудан түшкөн 414 800 сом жана токой байлыктарын пайдалануудан түшкөн 107 500 сом жалпы 522 300 сом акча каражаты төмөндөгүдөй бөлүнүп берилсин:
- Жаңы бала бакчага өздүк салым үчүн 413 153 сом;
- Жайыт комитетине өздүк салым үчүн 50 000 сом;
- Бала бакчага күнөскана салуу үчүн кызмат көрсөтүүгө 59 147 сом;
2. Бөлүнгөн акча каражаты атайын түзүлгөн смета расходко ылайык жүргүзүүнү көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысына милдеттендирилсин.
3. Каражаттын өз убагында көрсөтүлгөн багытка которуу боюнча кыймылдарды жүргүзүп берүү жагы Ат-Башы райондук казына бөлүмүнөн суралсын.
4. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, www. ak-muz. kg веб- сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Муз айыл өкмөтүнүн башчысы А. Капатовго тапшырылсын.
Төрага | Б. Абдыбеков |