Загрузка документа…
АК-МУЗ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 22-сентябры № 43/3
Ак-Муз айыл өкмөтүнүн бюджетинен бала бакчага 2215 статьясына (ар кандай кызмат көрсөтүү үчүн) бөлүнгөн 50 000 сом акча каражаты пайдаланылбай үнөм болуп калгандыктан бала бакчанын жетишсиз болгон 2222 статьясына (учурга буюм жана материал алууга) которуу жөнүндө
Ак-Муз айыл аймагынын С.Исраилов атындагы бала бакчанын башчысы Ү. Сулайманованын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ак-Муз айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Муз айыл өкмөтүнүн бюджетинен бала бакчага ар кандай кызмат көрсөтүү үчүн 2215 статьясына бөлүнгөн 50 000 сом акча каражаты бала бакчага учурга буюм жана материал алууга 2222 статьясына которулсун;
2. Бөлүнгөн акча каражаты атайын түзүлгөн смета расходко ылайык жүргүзүүнү көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысына милдеттендирилсин.
3. Каражаттын өз убагында көрсөтүлгөн багытка которуу боюнча кыймылдарды жүргүзүп берүү жагы Ат-Башы райондук казына бөлүмүнөн суралсын.
4. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, www. ak-muz. kg веб- сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Муз айыл өкмөтүнүн башчысы А. Капатовго тапшырылсын.
Төрага | Б. Абдыбеков |