Загрузка документа…
АК-МУЗ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 4-ноябры № 44/4
Ак-Муз айыл өкмөтүнүн бюджетинен 2231 статьясына (электр энергиясы үчүн) бөлүнгөн 687 200 сом акча каражаты пайдаланылбай үнөм болуп калгандыктан, айыл өкмөтүнүн жетишсиз болгон 3111 статьясына 390 000 сом, 3112 статьясына 257 200 сом, 2223 статьясына 40 000 сом которуу жөнүндө
Ак-Муз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А.Капатовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ак-Муз айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Муз айыл өкмөтүнүн бюджетинен 70111 бөлүгүнүн 2231 статьясына (электр энергиясы үчүн) бөлүнгөн 687 200 сом акча каражаты пайдаланылбай үнөм болуп калгандыктан, айыл өкмөтүнүн жетишсиз болгон 3111 статьясына 390 000 сом, 3112 статьясына 257 200 сом, 2223 статьясына 40 000 сом которулсун;
2. Бөлүнгөн акча каражаты атайын түзүлгөн смета расходко ылайык жүргүзүүнү көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысына милдеттендирилсин.
3. Каражаттын өз убагында көрсөтүлгөн багытка которуу боюнча кыймылдарды жүргүзүп берүү жагы Ат-Башы райондук казына бөлүмүнөн суралсын.
4. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, www. ak-muz. kg веб- сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Муз айыл өкмөтүнүн башчысы А. Капатовго тапшырылсын.
Төрага | Б. Абдыбеков |