Загрузка документа…
АК-МУЗ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 4-ноябры № 44/6
Ак-Муз айыл аймагынын жайыт комитетине тартылуучу АРИСтин “Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү-1” долбоорунун 3-траншы жөнүндө
Ак-Муз айыл аймагынын жайыт комитетинин төрагасы Б. Абдылдаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ак-Муз айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. АРИСтин “Мал чарбасын жана рыноку өнүктүрүү-1” долбоорунун 3-траншына жайыт комитети тарабынан төмөндөгү долбоорлор жазылып сунушталсын:
- Көчмө кыркын уюштуруу үчүн жабдыктар сатылып алынсын;
- Тоют топтоодо көйгөй жаратып келген “Өмүкө каналына” темир көпүрө курулсун;
2. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, www. ak-muz. kg веб- сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Муз айыл өкмөтүнүн башчысы А. Капатовго тапшырылсын.
Төрага | Б. Абдыбеков |