Загрузка документа…
АТ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 11-ноябры № 32-6
Ат-Башы айылындагы МЖС мекемесинин ортодо калган 13 курулуш обьектилери, техникалары жана 1,5 га жер аянты мыйзамга ылайык айыл өкмөттүн балансына алуу жөнүндө
2016-жылдын 26-августундагы Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясында түзүлгөн комиссиянын жыйынтыгынын справкасы менен таанышып жана талкуулап, Ат-Башы айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2016-жылдын 26-августундагы Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясында түзүлгөн комиссиянын жыйынтыгынын негизинде мамлекеттик менчикте калып, кийин мыйзам боюнча муниципалдык менчикке айланган Ат-Башы айылындагы МЖС мекемесинин ортодо калган 13 курулуш объектилери, техникалары жана 1,5 га жер аянты мыйзам чегинде айыл өкмөттүн балансына алуу жагы айыл өкмөт башчысы К. Чоробековго тапшырылсын.
2. Ат-Башы айылында жогорудагыдай ортодо калган обьектилерди тактоо иштерин жъргъзъп, айыл өкмөттүн балансына алуу жагы айыл өкмөт башчысы К. Чоробековго милдеттендирилсин.
3. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, «Ат-Башы жаңылыктары» гезитине жарыялоого сунушталсын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
Төрага | К. Айдыралиев |