Загрузка документа…
БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 20-июну № 22-1
Бел айыл өкмөтүнүн аймагындагы мектептерде окуучуларга терең билим берүү багытында жүргүзүлүп жаткан иштер жөнүндө
Бел айыл өкмөтүнүн аймагындагы мектептерде окуучуларга терең билим берүү багытында жүргүзүлүп жаткан иштер боюнча маалыматтарды угуп жана талкуулап депутаттардын Бел айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бел айыл өкмөтүнүн аймагындагы мектептерде окуучуларга терең билим берүү багытында Кыргыз Республикасынын «Билим берүү жөнүндөгү мыйзамынын» негизинде иновациялык методдор менен иштеп жаткан чыгармачыл мугалимдердин иштер белгиленсин.
2. Мектеп окуучуларына татыктуу билим жана тарбия берүүдө «мугалимдердин статусунун» негизинде зоналдык, райондук жана облустук семинарларда өз чыгармачылыктарын активдүүлүк менен жарыялаган мугалимдердин билим берүү мекемелериндеги материалдык – техникалык базаны чыңдоо максатында мектеп жетекчилеринин жүргүзүлүп жаткан иштери белгиленсин.
3. Бел айыл өкмөтүнүн билим берүү мекемелериндеги окуу тарбия иштеринде кетирилген кемчиликтерди жойуу үчүн иш чараларды түзүп анын үстүндө иш алып баруу жагы мектеп жетекчилерине милдеттендирилсин.
4. Бул токтомду көзөмөлдөө жагы депутаттардын Бел айылдык Кеңешинин саламаттыкты сактоо жана билим берүү боюнча туруктуу комиссияна жүктөлсүн.
Төрага | Т. Бекботоев |