ТоктомКүчүндө

Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин 2017-жылдын 14-ноябрындагы №5 «Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кенештин VIII-чакырылышынын типтүү Регламентин бекитүү жөнүндө» токтому

Редакция14.11.2017 редакциясы
Жүктөө .docx
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин кезектүү III сессиясы (VIII чакырылыш)

 

2017-жылдын 14-ноябры №5

Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кенештин VIII-чакырылышынын типтүү Регламентин бекитүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, ” Жергиликтүү кеңештердин депутатарынын статусу жөнүндө”,” Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктуу актылары жөнүндө” мыйзамдарына ылайык

Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектүү III сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кенештин VIII-чакырылышынын типтүү Регламенти алымча кошумчасы менен бекитилсин.

2. Бул токтом www.kyzyl-ozqorusn.kq сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.

3. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.

 

Төрага

Э. Сагынбеков