Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 14-ноябры №9
Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектүү III сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Кетмен-Төбө өрөөнүнүн бал-аарычылар биримдиги” коомдук бирикмесинин төрагасы Чолпонкулов Муратбек Медербековичке асыл тукум аарыларды көбөйтүп өстүрүү үчүн Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагына караштуу “Сандыкол” участогу буфердик аймак болуп бекитилип берилсин.
2. “Сандыкол” участогунун ичинен убактылуу курулуш үчүн жана бал челектер үчүн тиешелүү жер аянттары бөлүнүп берилсин.
3. Иш-чарага ылайык иш-кагаздарды тиешелүү мекемелерден суралсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагынын айыл өкмөт башчысына тапшырылсын.
5. Бул токтом www.kyzyl-ozqorusn.kq сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
6. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага | Э. Сагынбеков |