Загрузка документа…
БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 20-июну № 22-4
Бел айыл өкмөтүндөгу Борбаш айылында “Агахан” фондунун жардамы менен аткарылган проектиде бузулган жолдорду оңдоо жөнүндө
Бел айыл өкмөтүндөгу Борбаш айылында “Агахан” фондунун жардамы менен аткарылган проектиде бузулган жолдорду оңдоо боюнча Борбаш айылынын башчысы М. Ураимовтун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Депутаттардын Бел айылдык Кеңешинин ( бешинчи чакырылышынын) кезектеги жыйырма экинчи сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бел айыл өкмөтүндөгу Борбаш айылында “Агахан” фондунун жардамы менен аткарылган проектиде бузулган жолдорду оңдоо боюнча Борбаш айылынын башчысы М. Ураимовтун билдирүүсү эске алынсын.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бел айылдык Кеңешинин Мыйзамдуулукту сактоо баюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Төрага | Т. Бекботоев |
Бел айыл өкмөтүнүн Борбаш айылынын айыл башчы Ураимов Медердин төмөнкүдөй билдирүү жасады.
Бел айыл өкмөтүнүн Борбаш айылынын Күнгөй участкасын 2км аралыкка Дүкөр аркылүү суу алынып өткөрүлгөн. Бул жумуш Бел айыл өкмөтүндөгу Борбаш айылында “Агахан” фондунун жардамы менен аткарылган проектиде 2 км ге жакын жолдор казылып бузулган. Бул бузулган жолдорду оңдоого “Агахан” фондунун жардамы менен аткарылган проектисинен үнөмдөлгөн акча каражатын жумшоого уруксат берүүңүздөрдү суранам.
Бел айыл өкмөтүндөгу Борбаш айылында “Агахан” фондунун жардамы менен аткарылган проектиде бузулган жолдорду оңдоо боюнча Борбаш айылынын башчысы М. Ураимовтун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Депутаттардын Бел айылдык Кеңешинин ( бешинчи чакырылышынын) кезектеги жыйырма экинчи сессиясында токтом чыгарып берүүңүздөрдү суранам.
Айыл башчы | М. Ураимов |