Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 14-ноябры №13
Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектүү III сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Аң-Арык айылынын жашоочусу өтө-жакыр, жашоо шарты оор А.Акышов ден-соолугунун начардыгына байланыштуу жардам катары операция жасатууга айыл өкмөтүн жергиликтүү бюджетинен 15000сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Аң-Арык айылынын жашоочусу Маданбаев Максат 2015-жылдан бери эки бөйрөгү жабыркап гемодиализдин жардамы менен жашап жаткандыгына байланыштуу жардам катары айыл өкмөтүн жергиликтүү бюджетинен 10000сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
3. Ак-Жар айылынын тургуну I-топтогу майып К.Абдишовдун турак жайын оңдоого жардам катары айыл өкмөттүн жергиликтүү бюджетинен 7800 сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
4. Орто-Жон айылынын тургуну Б.Бекишованын жолдошу Долуев ден-соолугунун начардыгына байланыштуу шашоо шартын эске алып, жардам катары айыл өкмөттүн жергиликтүү бюджетинен 10000 сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу айылдык Кеңештин Бюджет жана экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш, тышкы экономика байланыш боюнча комиссияна тапшырылсын.
6. Бул токтом www.kyzyl-ozqorusn.kq сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
7. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага | Э. Сагынбеков |