Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 14-ноябры №14
Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектүү III сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңештин депутатты Айтмурза уулу Азизбектин сунушун эске алып, Чеч-Дөбө айылынын окуучуларын мектепке ташып алып келип-кетүүгө Чеч-Дөбө, Орто-Жон айылдарынын ортосунда каттоочу авто унаа алуу үчүн айыл өкмөттүн жергиликтүү бюджетинен 150000 сом кошумча каражат бөлүнүп берилсин, жыл башында бекитилген жергиликтүү бюджетин статяларына жылдырып жумшоо жагы каралсын, порталга жарялансын.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу айылдык Кеңештин Бюджет жана экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш, тышкы экономика байланыш боюнча комиссияна жана Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы Ж.Садыковго тапшырылсын.
3. Бул токтом www.kyzyl-ozqorusn.kq сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
4. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага | Э. Сагынбеков |