Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 14-ноябры №15
Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектүү III сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Токтогул райондук балдар жана өспүрүмдөр спорт мектебинин 22.08.2017-жылдагы № 95 буйругу аткарууга алынсын. А.Ибраимов атындагы орто мектебинин окуучулары Бишкек шаарындагы “Супара” ордосунда ордо спорту боюнча Кыргыз Республикасынын биринчилигине катышуу үчүн барып келген окуучулардын жол чыгымына, тамак ашына, жатаканасына сарпталган каражат Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөттүн жергиликтүү бюджетинин эсебинен 10000сом өлчөмүндө каражат бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу айылдык Кеңештин Бюджет жана экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш, тышкы экономика байланыш боюнча комиссияна тапшырылсын.
3. Бул токтом www.kyzyl-ozqorusn.kq сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
4. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага | Э. Сагынбеков |