Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 14-ноябры №22
Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеӊешинин VIII-чакырылышынын кезектүү III- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүнун 2017-жылга бекитилген жергиликтүү бюджетине толуктоо,өзгөртүү киргизүү жөнүндө айыл өкмөттүн башкы бухгалтери Садыковтун маалыматты эске алынып жергиликтүү бюджетте жумшоо жагы каралсын:
a. Бишкек, Чолпон-Ата шаарларында өткөн “Оймо” кол өнөрчүлүк фестивалына катышкан Алымкулова Гулбарага аппараттагы сапар чыгымдан-8968 сом.
b. Воллейбол боюнча балдар,кыздар арасында туштук регионалдык”Алтын куз” турнирине катышууга 25200 сом,курош боюнча “Канкошой”турнирге барууга-8000 сом,,Бишкекте Т.Эгембердиевтин элесине өткөрүлгөн “Абалак”оюнуна катышкандарга 10530 сом бардыгы 43730 сом женилдиктер бөлүмүндө каралган ар кандай чыгымдан сапар чыгымга жылдырылсын.
c. К.Малабашов атындагы участкалык ооруканата эки даана электро кыймылдаткыч жана чайкануучу бөлмө аппаратта каралган 2222 берене,таштанды таштоочу жайды каздыруу жана аны тостуруу жумуштарына 2215 берене аппарат,
d. Айылдар ичиндеги ички жолдорго кум-шагыл ташып төгүү жумуштарына Токтогул району үчүн атайын фонд мекемеден келип иштеген техникаларга келишимдик негизде төлөө жагы каралсын 2221 берене
Атайын каражат счеттон:
1. ”Шумкар” балдар бакчасына октябрь,ноябрь,декабрь айларында ата-энелерден түшүүчү каражат 210,0 мин.сом балдардын тамак ашына жумшалсын.
2. Атайын фонд мекемеден өздүк салымга жүктөөчү техника алууга бөлүнүүчү каражатты өз багытына жумшоо жагы каралсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Кызыл-Өзгөрүш айыл Кенешинин бюджет жана экономика,муниципалдык менчик,инвестиция,ишкердик иш,тышкы экономика байланыш боюнча комиссиясына,акча каражатын беруу жагы айыл өкмөттүн ФЭБнун башчысы Ж.Садыковко тапшырылсын.
4. Бул токтом www.kyzyl-ozqorusn.kq сайтына жарыяланган кундон тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
5. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды
Төрага | Э. Сагынбеков |