Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 14-ноябры №23
Кызыл-Өзгөрүш айылынын айыл өкмөт башчысы А. Бекишов «Жайыттарды Кызыл-Өзгөрүш жайыт пайдалануучулар бирикмесине өткөрүп берүү жөнүндө кайрылуусун, Бюджет жана экономика, мунициалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш, тышкы экономика байланыш боюнча комиссиясынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып,
Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеӊешинин VIII-чакырылышынын кезектүү III- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Өзгөрүш айылынын аймактык башкармалыгын жайыт пайдалануучулар бирикмесине жайыт жерлеринин башкаруу жана пайдалануу боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын ыйгарым укуктары өткөрүлүп берилсин.
2. Жайыт пайдалануучулар бирикмесине жана анын аткаруу органы жайыт комитетине жайыт жерлерин башкарууну жана пайдаланууну айылдыкз- кеӊеш тарабынан расмий бекитилген жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча жамааттын көп жылдык жана бир жылдык пландарынын негизинде гана жүргүзүүсү милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун экинчи бөлүгүндө көрсөтүлгөн пландар өз убагында аткарылбаса же аларды иш жүзүндө ашырууда одоно кемчилдиктерге жол берилсе, анын ичинен жайыт комитетинин карамагындагы акча каражаттары максатсыз жана натыйжасыз пайдаланылса өткөрүп берилген ыйгарым укуктары кайра жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына кайтарылып алынып Жайыт пайдалануучулар бирикмесине жана анын аткаруу органы- жайыт комитетине эскертилсин.
4. Жайыт комитетинин башчысы жайыт комитетинин бардык мүчөлүрүнө, жайыт пайдалнуучуларга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, жайыттарды башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органына жана анын жергиликтүү расмий өкүлчүлүктөрүнө жайыт пайдалануучулар бирикмесинин Уставына жана бекитилген пландарга ылайык өз убагында толугу менен тийиштүү отчётторду, маалыматтарды берип туруусу милдеттендирилсин.
5. Жайыт комитетине жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча пландарды өз убагында жана бекитилген тартипте даярдоодо, макулдашууда, бекитүүдө жана аткарууда ар тараптуу жардамдар такай көрсөтүлүп туруусу белгиленсин.
6. Жайыт комитети жайыт жерлерин башкаруу жана пайдалануу боюнча аткарыла турган бардык иш чараларды Кыргыз Республикасынын «Жайыттар жөнүндө» Мыйзамынын негизинде жүргүзсүн.
7. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Кызыл-Өзгөрүш айыл Кеӊешинин Бюджет жана экономика, мунициалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш, тышкы экономика байланыш боюнча комиссиясына жүктөлсүн.
8. Бул токтом www.kyzyl-ozqorusn.kq сайтына жарыяланган кундон тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
9. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага | Э. Сагынбеков |