Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ОКТЯБРЬ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 20-январы №3
Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 22-февралында “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилип, 2013-жылдын 1-мартында мыйзам күчүнө киргендигинин, “Ченемдик укуктук актылары жөнүндө” мыйзамынын 26-беренесиндеги өзгөртүүлөргө ылайык тиешелүү администрациялык-аймактык бирдиктин аймагында мамлекеттик тилди билген адамдардын көпчүлүгү жашаган шарттарда жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынын тиешелүү чечими болгондо жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынын ченемдик укуктук актысынын мамлекеттик тилде гана кабыл алынышына жол берилет” деп көрсөтүлгөндүгүнө негиз жогорудагы маселени угуп жана талкуулап Кызыл-Октябрь айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айылдык кеңештин аймагында жашаган адамдардын баары мамлекеттик тилди билгендиктен айылдык кеңештин сессиясында ченемдик-укуктук актыларынын долбоорлорун мамлекеттик тилде жазууга жол берилсин.
2. Айылдык кеңештин сессиясында ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун мамлекеттик тилде гана кароого киргизүүгө жана мамлекеттик тилде жазууга жол берилгендиктен токтомдорду расмий тилде которбой Ош облусунун жана Ош шаардык юстиция министрлигине мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүлсүн
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңешинин туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Кызыл-Октябрь айылдык Кеңешинин торагасы | К. Мусаев |
Жооптуу катчысы | М. Мамытов |