Редакцияот 06.03.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫЗЫЛ-ОКТЯБРЬ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Өзгөн районунун Кызыл-Октябрь айылдык Кеңешинин кезектеги сессиясы

 

2017-жылдын 6-марты №7

Кызыл-Октябрь жайыт комитетинин 2016-жылдагы бюджетинин аткарылышы, 2017-жылга бюджетин жана жайыт пайдалануу боюнча төлөмдөрдү бекитүү жөнүндө

 

«Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесин жана «Жайыттар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесин аткарууга алып, айылдык кеңештин бюджет, финансы салык жана инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясынын жана жайыт комитетинин төрагасы С.Камаловдун билдирүүлөрүн угуп жана талкуулап айылдык Кеңешинин VI чакырылган IV - кезектеги сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ :

1. Кызыл-Октябрь жайыт комитетинин 2016-жылдагы бюджетинин киреше бөлүгү 455,6 миң сомго жана чыгаша бөлүгү 316,2 миң сомго аткарылгандыгы белгиленсин.

2.Кызыл-Октябрь жайыт комитетинин 2017-жылдагы бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгү 373,1 миң.сом өлчөмүндө бекитилсин.

3.Жайыт пайдалануу үчүн акы төлөмдөрү төмөндөгүдөй белгиленсин. Жергиликтүү жайыт пайдалануучулар үчүн (ар бир башка):-кара мал 70 сом,-кой –эчки 30 сом,-жылкы-эшек 100 сом, -жаш малдар 60 сом.

4.Жайыт комитетинин пайдалануусундагы жерлердин жер салыгы 38,9миң сом өлчөмүндө айыл өкмөттүн бюджетине чегерилсин.

5.Жайыт комитетинин штаттык бирдиги 4 кызматчы,98.8 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.

6.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл чарба жана турак жай боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрага

К. Мусаев