Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ОКТЯБРЬ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 6-марты №9
Кызыл-Октябрь айылдык Кеңешинин VI- чакырылган IV- кезексиз сессиясы Кызыл-Октябрь айылындагы айылдык жыйындын токтомун угуп жана талкуулап, социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиянын чечимин, айыл тургундарынын сунуштарын колдоп төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Эргешов Абдраимдин ысмы Кызыл-Октябрь айылынын жашоочулары Ашимова Апизага таандык үйдөн Амиракулов Абдилхамиттин үйүнө чейинки көчөгө ыйгарылсын.
2. Көчөнү ар убакта таза кармоо, иретке келтирип, көрсөтмө такталарды үй номерлерин жаздырып илдирүү жагы Эргешов Абдраимдин уул-кыздарына тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Кызыл-Октябрь айылынын айыл башчысы М.Сандыбаевке милдеттендирилсин.
Төрага | К. Мусаев |
Катчы | К. Сопуев |