Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ОКТЯБРЬ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 6-марты №11
Кызыл-Октябрь айылдык Кеңешинин VI- чакырылган IV- кезексиз сессиясы Алга айылындагы айылдык жыйындын токтомун угуп жана талкуулап, социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиянын чечимин, айыл тургундарынын сунуштарын колдоп төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Манас Турдукуловдун ысмы Алга айылындагы М.Усманов көчөсүнөн К.Боркошов көчөсүнө чейинки кесилишкен көчөгө ыйгарылсын.
2. Көчөнү ар убакта таза кармоо, иретке келтирип, көрсөтмө такталарды үй номерлерин жаздырып илдирүү жагы Турдукулов Манастын уул-кыздарына тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Алга айылынын айыл башчысы А.Абдуллаевке милдеттендирилсин.
Төрага | К. Мусаев |
Катчы | К. Сопуев |