Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ОКТЯБРЬ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 6-марты №14
Кызыл-Октябрь айылдык Кеңешинин VI- чакырылган IV- кезексиз сессиясы Эски Покровка айылындагы айылдык жыйындын токтомун угуп жана талкуулап, социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиянын чечимин, айыл тургундарынын сунуштарын колдоп төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айдар Карыбековдун ысмы Эски Покровка айылынын жаны чегиндеги бир көчөгө ыйгарылсын.
2. Көчөнү ар убакта таза кармоо, иретке келтирип, көрсөтмө такталарды үй номерлерин жаздырып илдирүү жагы Карыбеков Айдардын уул-кыздарына тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Эски Покровка айылынын айыл башчысы М.Аматовко милдеттендирилсин.
Төрага | К. Мусаев |
Катчы | К. Сопуев |